Чатыры менен дубалы жок мейманкана

Чатыры менен дубалы жок мейманкана
20-Сен. 2018, Бейшемби, 09:41

Швейцариянын Тоггенбург округунда дубалы менен чатыры жок мейманкана ачылды. Бул мейманканага түнөп калуу 300 долларды түзөт.

Жаңы мейманканада үч гана номер бар. Ортодо керебет, анын эки жагына шкаф менен шам орнотулган. Мейманканада бир чыны кофе менен эртең мененки тамак жана алкоголсуз суусундук берилет. Сизге кызмат көрсөткөн адам – бутунда резиңка өтүгү бар жергиликтүү фермер.

Мейманкана деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте орун алган. Чатырдын ордуна асман, дубалдын ордуна табият. Мейманкананын башкы өзгөчөлүгү да – ушунда.

Жамгыр жааганда мейманканага конгон адамдар жакын жердеги алачыкка же эски үйгө барып баш калкалашат.

Бул мейманкананы жергиликтүү сүрөтчүлөр ойлоп табышкан. Ыңгайсыз болгонуна карабастан мейманкана ачылгандан тартып дүйнөгө тез тараган. Дүйнөнүн түпкүр-түпкүрүнөн отелди брондоого тапшырык түшүп жатыптыр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!