Диванды кандай тазалап, жууш керек?

Диванды кандай тазалап, жууш керек?
9-Янв. 2019, Шаршемби, 12:03

Дивандын чаңын кандай тазалайт?

Кездеме материалдаан жасалган диванды тез чаңдап калаары белгилүү. Аны тазалоо үчүн эң алгач чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз. Андан кийин кийим тазалагыч щетка менен же сууланган марли менен сүртүү кажет.

Эгер диванда так болсо

Эгер диванда так тамып кетсе аны тез самын сууга малынган марли менен сүртүү керек. Андан кийин таза марли менен кайра сүрткөн оң.

Эсиңизде болсун! Химиялык каражаттар кошулган тазарткычтарды пайдаланбаңыз. Ал кездеменин түсүн өзгөртүп жиберет.

Дивандын кездемесин жуусаңыз

Дивандын материалын жууган учурда төмөндөгү нерселерди эске алыңыз:

Кол менен же кир жуугуч машина менен жуусаңыз да жалаң гана жылуу сууга жууңуз. Башка заттар менен аралаштырбай өзүн гана жууңуз.

Жууп бүткөндөн кийин материалдын суусун катуу сыкпаңыз. Формасы баштапкы калыбынан өзгөрүп кетүүсү ыктымал.


Ар бир такты жуунун өз ыкмасы бар:

Эгер диванга кофе төгүлүп кетсе аны самын болгон суунун жардамы менен кетирсе болот. Ал үчүн марлини сууга малып ошону менен бир нече ирет сүртөт. Артынан таза сууга марли салып кайра сүртөт. Ошондо тактын изи да калбайт.

Шокаладдын курамында май болгондуктан муну тазалоо оңой эмес. ошондуктан бул учурда марлини жакшылап самындап, ошону менен суртүү керек. Андан соң таза марлини таза сууга малып кайра сүртүңүз.

Эгер ак шарап төгүлсө бир сткан сууга бир аш кашык спирт кошуп ага марлини малып суртүү зарыл. Мындан кийин марлини самын суу менен шарап төгүлгөн жерди тазалайсыз.

Кыям төгүлсө уксусту колдонуңуз. Болгону бир аз кошуп жуусаңыз болду.

Сагыз жабышса алгач, сагызды кургатып, андан кийин атайы курал менен же бычак менен аны кырып алган оң. Түбүндө калган калдыкты метилл спирти менен кетирип сала аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду