Сапар Исаков: Эч кандай жеңилдиктер берилбейт (видео)

Сапар Исаков: Эч кандай жеңилдиктер берилбейт (видео)
3-Апр. 2018, Шейшемби, 09:02

Өкмөт башчы Сапар Исаков 2-апрелде, Бишкектин автоунаа ишканаларынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматы маалымдады

Кеңешменин башында премьер-министр Бишкек шаарынын тургундарына траспорттук кызмат көрсөтүүнүн токтошу бир нече себептерге байланыштуу, бирок жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда мыйзамдардын аткарылышы жеңилдетүүсүз өтүшү керек деп белгиледи.

«Мыйзам бардыгына бир жана эч кимге жеңилдиктер берилбейт. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жана мыйзамды бардыгы аткаруу керек” – деди С. Исаков.

Ошондой эле жеке автоунаа ишканаларынын кызмат көрсөтүүсүнүн токтоо себептерин жана кичи бустардын айдоочуларынын нааразычылыгын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу органдарынын транспорттук кызматтарды көрсөтүү ишмердигинде бейформал төлөмдөрү жөнүндө толук маалыматы бар экенин белгиледи.

«Мен Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы транспорттук инспециянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп кетет элем. Мага берилген маалыматка ылайык транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес төлөм иретинде айына дээрлик 3 миң сом берип турушу керек экен», – деди Сапар Исаков жана министр Жамшитбек Калиловго бир жума аралыгында көрүлгөн чаралар боюнча толук маалымат берүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Өкмөт башчы тармактуу министрлик менен катар транспорттук компаниялар жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине дагы айына 5 миң сомдон ашык төлөгөнгө мажбур болгондугун жана транспорт инспекторуна эртең менен жана кечинде 20 сомдон, ал эми уна токтотуучу жайга 60 сомдон берип турарын белгилей өттү.

«Маршруттук кыймылдын схемасына төлөм сыяктуу бир катар расмий эмес көптөгөн башка акча жыйноолор болуп жатканын айтып, бирок мындай документ жүргүнчүлөрдү алууда, унаа токтотууда, ошондой эле ар бир каттам сайын акысыз берилиши керек. Маршруттук кичи автобустардын айдоочулары көзөмөлдөөчү органдардын дээрлик бардыгына төлөшү зарыл. Мен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине ушул маалыматты текшерип чыгууга бир жума убакыт берем. Силер берилген убакттын ичинде иликтеп чыгышыңар керек. Эгер дагы ушундай бейформал чогулуштар болсо анда жумуштан кетесиңер”- деп эскертүү берди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!