Оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчетун угууга чогулууда

Оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчетун угууга чогулууда
17-Апр. 2018, Шейшемби, 11:07

Бүгүн 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика - Ата Журт» фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угушат. Учурда аталган үч фракциянын депутаттары жыйынга чогулушууда.

Ал эми жыйынга премьер-министр Сапар Исаков келе элек.

Эскерте кетсек, 13-апрелде эртең менен Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика – Ата Журт” фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угушмак. Жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков жана вице-премьер-министр Даир Кенекеев баяндама жасамак. Бирок, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Өкмөт башчы мурдагы бекитилген күн тартибинин негизинде социалдык объекттердин курулушу боюнча Чүй облусун кыдырып жүргөнүн белгилеп, отчётту карап берүүнү суранган.

Тилекке каршы, депутат Исхак Масалиев Сапар Исаков өзү жыйынга келгенде отчётту кароону сунуштап, анын жыйынтыгында фракция депутаттары кесиптешинин сунушун колдоп, өкмөттүн отчетун угушкан эмес.

Ошондой эле “Республика-Ата Журт” фракциясы да ошол эле күнү өкмөттүн отчётун укмак. Бирок, аталган фракцияда премьер-министр жыйынга келе албаганы үчүн башка күнгө жылдырган. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы да 13-апрелде өкмөттүн отчетун угары айтылып,бирок тиешелүү себептен улам өкмөттүн отчетун угууну кийинки жумага калтыргандыгы белгилүү болгон.

Ушул эле күнү 13-апрелде түштөн кийин Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчётун угушуп, анын жыйынтыгында аталган фракциянын депутаттары өкмөттүн ишин “канааттандырарлык” деп табышкан.

Андан мурдараак эле бийликтеги КСДП фракциясыда өкмөттүн ишин жактырып, өкмөттүн ишин колдоого алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!