Исаков: "2017-жылы тышкы экономикада өсүш болду"

Исаков:
17-Апр. 2018, Шейшемби, 11:32

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угууга киришти.

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасап жатат. Анын айтымына караганда, өткөн жылы экономикада өсүштөр болгон. Ошондой эле былтыр президенттик шайлоо ийгиликтүү өткөрүлүп, өлкөдө стабилдүүлүк болгону менен эсте калган.

Сапар Исаковдун билдирүүсүнө ылайык, 2017-жылы өлкөнүн тышкы экономикасында өсүш байкалган. Бул ЕАЭБ байланыштуу болгон.

Айта кетсек, өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угуу үчүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракциядан жалпы 48 депутат жыйынга келген. Жыйынга «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!