Исаков: “Элдин бийликке ишеними 65,4 пайыз түздү”

Исаков: “Элдин бийликке ишеними 65,4 пайыз түздү”
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:30

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракциянын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасап жатып, элдин бийликке ишеними бекемделгенин белгиледи.

Анын айтымына ылайык, өткөн жылы элдин мамалекеттик органдарга болгон ишеними 65,4 пайызды түзгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көбөйгөн.

Айта кетсек, ЖКдагы «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн был жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угууда. Жыйынга «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” жана КСДП фракциялары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчётун угушуп, анын жыйынтыгында аталган фракциялардын депутаттары өкмөттүн ишин “канааттандырарлык” деп табышып, өкмөттүн ишин колдоого алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!