Өкмөт башчы: “Экономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү”

Өкмөт башчы: “Экономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү”
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:39

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракциянын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасап жатып, өлкө экономикасында өсүш болгонун белгиледи.

“2017-жылы эконмиканын ар бир тармагында өсүш болду. Өткөн жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга ашты. ИДП 521 млрд. сомду түздү. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерге экспорттун көлөмү 27 пайызга көбөйгөн”,- деди Исаков.

Айта кетсек, ЖКдагы «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн был жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угууда. Жыйынга «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!