Төрөбаев Тогуз-Тородогу окуяга кызыкты

Төрөбаев Тогуз-Тородогу окуяга кызыкты
17-Апр. 2018, Шейшемби, 13:01

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика - Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету угуп жатканда, жыйынга жетекчилик кылып жаткан "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Тогуз-Торо районундагы орун алган окуянын артында ким турарын өкмөт башчыдан сурады.

“Сиз Тогуз-Тородогу “Джи Эл Макмал Девелопинг” алтын ылгоочу комбинатынын айланасындагы окуянын артында кайсы бир саясатчылар турат дедиңиз эле. Алар кимдер? Бизге да ачык айта бериңизда. Бул жерде отургандарда саясатчылар. Бизда билгибиз келет”, - деди Төрөбаев.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков бул окуянын артында ким турарын ачык айтуудан баш тартты.

Эскерте кетсек,11-апрелде Тогуз-Торо районунда миңдей киши “Джи Эл Макмал Девелопинг” алтын ылгоочу комбинатынын ишмердигине каршы нааразычылыгын билдирип чыккан. Акция учурунда аталган комбинатын курулушу бүтө элек имараты өрттөнгөн. Чогулгандар милиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Анын айынан жабыркаган 3 милиция кызматкери жана бир жергиликтүү тургун Тогуз-Торо аймактык ооруканасына жаткырылган.

Учурда ИИМдин таркаткан маалыматына ылайык, бул окуяга тиешелүү 15 адам кармалган. Алар митинге активдүү катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!