​Ысык-Көлдө балдар үчүн кинолагерь уюштурулат

19-Апр. 2017, Шаршемби

Ысык-Көлдө алгачкы жолу өспүрүм балдар үчүн кинолагерь уюштурулат. Ага балдар жана 10-17 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алат. Бул тууралуу “Карек” балдар фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Алмалуу” этно-айылында 1-10-июнга чейин болмокчу.

Кинолагерь-Ысык-Көлдө эс алуу гана болбостон, өспүрүмдөрдүн жаңы дос күтүүгө жол ачып, балдар кинематографтар менен биргеликте кыска метраждуу тасма дагы тарта алышат.

Бул иш-чарага катышкысы келгендер өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн билдирип, эмне үчүн бул лагерге катышкысы келгени туурасында видео кайрылуу жиберүүсү зарыл. Мындан тышкары “Менин үйүм”, “Боз үй”, “Көл”, “Айыл” деген темада сценарий же болбосо дил баян жазып, электрондук почтага жибериши керек.

Толук маалыматты (557) 000 718 номуру аркылуу алса болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!