​“Салам-Алик” конушуна газ берилди

19-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи май районундагы “Салам-Алик” конушу жаратылыш газына туташтырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 800 калкы бар “Салам-Алик” конушунда жаратылыш газы бериле баштады.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дюшембиев конуштун тургундарын куттуктап, газды туташтырууда “Газпром” Кыргызстан компаниясынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!