Улуттук банктын милдеттерин тааныткан семинар өттү

19-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-апрелде чехиялык “OG Research” консалтинг фирмасынын башкы эксперти жана директору Марек Петруш Улуттук банкта журналисттер үчүн “Улуттук банкты кандай “окуу” керек” деген аталыштагы семинар өттү.

Иш-чарада борбордук банктын негизги милдеттери, инфляция, баанын стабилдүүлүгү, коомчулук менен иштөө сыяктуу темаларга басым жасады. Ошондой эле катышуучулардын кызыгуусун жараткан Европа жана башка мамлекеттердеги банктардын ишмердиктери тууралуу суроолорго жооп берди. Катышуучулар семинардын жыйынтыгы тууралуу ой-пикирлерин билдирип, талкууланган темалар актуалдуу экенин белгиледи.

Марек Петруш Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор Азия жана Африка мамлекеттеринин борбордук банктарына өз саясаттарын ачык айкын жүргүзүү жана коммуникация системасын жаңылоо кеңеш берип келет. Ал борбордук банктардын коммуникация системасын башкаруу тармагында бир топ тажрыйбага ээ жана бул тууралуу маалыматтарды экономикалык баяндамачы катары чагылдырып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!