Тамчы-Ташкент авиа каттамы ачылат

19-Апр. 2017, Шаршемби

Жайкы туристтик сезонго карата Новосибирск-Тамчы жана Тамчы-Алматы авиа каттамы ачылат. Бул туурасында Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда Ташкент-Тамчы авиа каттамын ачуу туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Биз учурда Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде аларга экономикалык жактан пайдалуу болсо Ташкент-Тамчы-Ташкент авиа каттамын ачмакчыбыз”,-деди Жаманкулов.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон 6-майда салтанаттуу түрдө ачылмакчы. Ага бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышмакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!