Жалда заманбап мектеп пайдаланууга берилди

19-Апр. 2017, Шаршемби

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Жал кичи районунда салынган 600 орундуу мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиевдин айтымында, мектеп бардык талапка жооп берет.

“Курулуштун сапаты мыкты деңгээлде, техникалык коопсуздук талаптары толук кандуу талаптарга жооп берет. Курулуш иштери башынан аягына чейин Мамэкотехинспекциянын көзөмүлүндө курулуп, заманбап талаптарга ылайык салынды. Ичиндеги компьютердик класстар, өрт өчүрүүчү шаймандары, чоң залдары жана окуучу класстары акыркы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган. Колдонууга берилген мектепте заманбап атайын класстар уюштурулуп, Кытай тилин тереңдетип окутуу каралган”,-деди ал.

Эске салсак, аталган курулуш толугу менен Кытай Республикасынын гранттык каражатына курулуп, аны кытайлык “Энцизиен” куруучу компаниясы бир жылдын ичинде куруп бүттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!