Ноокенде 5590 киши туугандарынын үйүнө көчүрүлдү

Ноокенде 5590 киши туугандарынын үйүнө көчүрүлдү
20-Апр. 2017, Бейшемби

Ноокен районундагы Арал айыл аймагынын Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугу 18-19-апрелде жааган жаан-чачындан улам көтөрүлүп Арал айылындагы №2 коргоочу тосмонун 250 метр аралыгын жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мазар тилкесиндеги 234 турак жайга жана 2138 га айдоо жерлерге да кооптуу абал жаралган. Анткени, Кара-Үңкүр дарыясындагы дамбаны бекемдөө иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, 19-апрелде саат 13:00дө Сакалды айыл аймагындагы Чек, Кыргызстан, Кормоцех айылдарын суу каптоо коркунучу пайда болуп, кожолуктарды көчүрүү иш-чарасы башталган.

Тактап айтканда, Кыргызстан айылындагы 480 кожолуктан 384 кожолук көчүрүлдү (2304 киши);

Чек айылы: 140 (1120 киши), Сай-Бою 209 (1254 киши);

Кормоцех: 132 (792 киши);

Чоң-Багыш: 20 кожолук (120 киши) толук көчүрүлдү.

Жалпы айыл аймактар боюнча 885 үй-бүлө 5590 киши тууган-уруктарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Көчүрүү иштерине “КыргызнефтиГаз” ишканасынан 2 автобус жана 4 кичи автобусу (Бусик), Масы АТП авто транспорт мекемесинен 1 кичи автобус (УАЗ), Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 1 кичи автобус (УАЗ), тартылган. Ошондой эле, жеке менчик унаалар менен көчүрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!