Атамбаев Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту

Атамбаев Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту
20-Апр. 2017, Бейшемби

Кечээ, 19-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Саясий диалогду андан ары өнүктүрүү, банк чөйрөсүндө, инфраструктура жана курулуш, инвестициялар жана соода жаатында кызматташтыктын практикалык кадамдарын ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленди.

Жогорку деӊгээлде өз ара иш сапарлардын болушу жана алардын артынан эки тараптуу байланыштардын жандануусу Кыргызстан менен Ирандын ортосунда өз ара алака-катыштардын жаңы этабынын күбөсү болуу менен аларды ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!