Чүйдө жер титиреди

Чүйдө жер титиреди
21-Апр. 2017, Жума

Бүгүн, 21-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 06:42де Чүй облусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жер титирөө Арпа-Тектир айылында– 4,5 балл, Кегети, Пригородное айылдарында – 4 балл, Токмок, Кемин шаарларында – 3 балл, Ивановка, Кант, Бишкек шаарларында - 3 баллга жеткен.

ӨКМ белгилегендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!