Бишкекте жаңы троллейбус каттамдары ачылат

Бишкекте жаңы троллейбус каттамдары ачылат
21-Апр. 2017, Жума

Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкийдин билдиргенине караганда, жакынкы убактарда борбордо 50 жаңы троллейбус ишке берилет.

Троллейбустар Европа банкынын каржылоосу менен алынат.

“Бишкек шаардык муниципалитети коомдук транспорт тармагына инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик – менчик өнөктөштүк программасын жылдырып жатат. Ага ылайык жеке фирма 12 автобус сатып келип шаардык транспорттук паркын толуктады жана дагы да алынып келерин билдирди”,- дейт Милицкий.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаковдун айтымында, жаңы троллейбустардын алынып келишине байланыштуу ушул жылдын үчүнчү кварталында Бишкекте жаңы каттамдар ачылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!