Айдоочуну балталаган жаран кармалды

Айдоочуну балталаган жаран кармалды
21-Апр. 2017, Жума

Пикир келишпестиктен улам кардар айдоочуну балта менен башка чаап, ага таандык унааны ээлеп алып, борбор калаага кетип калган. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү Өзгөн РИИБине Кара-Суу районунун 60 жаштагы тургуну Б.М. арыз менен кайрылган. Себеби, белгисиз адам 62 жаштагы А.Р. аттуу жолдошун башка уруп, алсыз абалынан пайдаланып укукка жат түрдө унаасын алып белгисиз тарапка качып кеткен.

Жабырлануучу алган жараатынан улам Өзгөн шаардык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучуга дарыгерлер баш сөөгү жабыркаган деген диагноз коюшкан.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарындагы унаа жуучу жайлардын биринен аталган райондун 47 жаштагы Н.Х. аттуу тургуну кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, 15-апрель күнү айдоочу менен кардардын ортосунда пикир келишпестик жаралып мушташка айланган. Кардар айдоочуну балта менен башка чапкан сон, аны каза болду деп ойлогон. Жасаган кылмыш ишинин изин жашыруу максатында кардар Өзгөн шаарындагы таштанды төгүлүүчү жайга айдоочуну ыргытып жиберип, ага таандык унааны укукка жат түрдө ээлеп алып, борбор калааны көздөй айдап жөнөгөн.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!