Өкмөт башчы Баткен жана Ош облустуна барат

Өкмөт башчы Баткен жана Ош облустуна барат
21-Апр. 2017, Жума

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде, иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, С.Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айылында жайгашкан Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышына катышат.

Ошондой эле өкмөт башчы Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымындагы жакын арада курулуш иштери баштала турган участкасында болот.

Ош шаарында Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) тарабынан каржыланган футбол академиясынын жана бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!