Жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти
21-Апр. 2017, Жума

Бишкекте Мерседес Бенц 609 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 20-апрель күнү саат 19:20 чамасында Бишкектеги Жибек жолу жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Ал эми өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

«Өрт тууралуу маалымат 19:20 чамасында келип түшкөн. Ошол замат өрт өчүрүүчүлөр чыгып кетишип, саат 19:36да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, кабинасы жана эки дөңгөлөгү күйгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!