​Айтматовдун мааракеси өткөрүлөт

​Айтматовдун мааракеси өткөрүлөт
21-Апр. 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев “Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо тууралуу” буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буйрукка ылайык жазуучу Ч.Айтматовдун атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка кошкон бараандуу салымын жана 2018-жылы боло турган 90 жылдык мааракесин эске алып токтом кылат:

1. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүүнү.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунуш кылат:

- Айтматовдун 90 жылдыгына даярдануу жана өткөрүү бонча 2 айлык мөөнөттө уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүүнү;

- КРнын бюджетинен даярдануу жана ишке ашыруу үчүн керек болгон каржылык каражатын бөлүүнү караштырууну.

Буйрук расмий жариялаган күндөн тарта күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!