Жер көчкү турак-жайларга коркунуч жаратууда

Жер көчкү турак-жайларга коркунуч жаратууда
21-Апр. 2017, Жума

Жалал-Абад облусунун Караинген айылында жер көчкүсү активдешип, 4 турак үйдүн жашоочулары көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган айылында көлөмү 1млн. 800мин м3 жер көчкүсү активдешкен. Кооптуу участоко ӨКМнин адистери, Жарандык коргонуу комиссиясы барышып изилдөө иштерин жүргүзүп, жер көчкүдөн 18 үй бүлөнүн ичинен 4 үй-бүлөгө коркунуч жаралганы аныкталган. 4 турак үйдүн ээлерине жана айыл өкмөт жетекчилигине коопсуз жайга көчүрүп чыгуу боюнча эскертме берилген.

Эскерте кетсек, 1994-жылы 18 турак үйгө жер көчкү коркунучу пайда болуп, аталган 18 үй бүлөгө мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда жана жер участоктору берилген. Азыркы учурда 18 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүп чыкпай жашап келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!