Баңгизат сатып жаткан эки жаран кармалды

Баңгизат сатып жаткан эки жаран кармалды
21-Апр. 2017, Жума

Чүй облусунун эки тургуну баңгизатын сатып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын Белгород жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинен баңгизатын сатып жаткан учурда Чүй облусунун эки тургуну кармалган. Кармалган жарандар Москва районунун Ак-Суу айылынын 41 жаштагы Б.С жана Бишкек шаарынын 33 жаштагы С.А. аттуу тургундары болуп чыкты.

«Кармалган эки жаранды кароо жүргүзүү учурунда С.А.нын колундагы көк түстөгү полиэтилен баштыктын ичинен салмагы 1 кг 298 гр түзгөн гашиш баңгизат каражаты табылып алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!