Эки окуучусун сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Эки окуучусун сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө
21-Апр. 2017, Жума

Бүгүн, 21-апрелде эки окуучуну койдуруп кеткен "Mercedes-Benz С-class" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек шаарындагы Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаанын айдоочусу №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Белгилей кетсек, окуя болгон жерден «08 382 ААF» унаа номери табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган номер Чүй облусунун Маловодное айылында каттоодо турат. Ал эми сүзүлгөн эки окуучу азыркы учурда эсине келип, абалы туруктуу экени жана ошондой эле экөө тең баштарынан жаракат алып, бирөөсүнүн колу, экинчисинин буту сынгандыгы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!