Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон эл тарай элек, бирок абал тынч

Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон эл тарай элек, бирок абал тынч
14-Март 2019, Бейшемби, 11:26

Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон эл бар. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада тарапта чогулган эл бар, жаңжал чыккан жок.

"Баткенде чек ара тарапта чогулган эле тараган жок, бирок жаңжал чыккан аймактартагы абалды чек ара кызматкерлери жана милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат",- деп айтылат маалыматта.


Айта кетсек, кечээ 13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжалдын кесепетинен бир жаран оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган жана кыргыз жаранынын үйү өрттөлгөн. Бул жаңжалга Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон. Ал эми жанжалды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтоткон. Бирок, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!