Жумабеков Талас облусуна иш сапар менен барды

Жумабеков Талас облусуна иш сапар менен барды
25-Март 2019, Дүйшөмбү, 16:01

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алгач төрага Кара-Буура районунун Молдо-Асан айылында жайгашкан 225 орундуу Шамратбеков атындагы жана Көк-Дөбө айылында жайгашкан 150 орундуу Шыйкымбаев атындагы мектептердин курушу менен таанышты. Белгилүү болгондой аталган мектептердин имараттарынын бүткөрүлүшү үчүн республикалык бюджеттен дагы 23 жана 20 миллион сомдон бөлүнүшү керек. Аны менен катар, спорттук залдарынын курулушун да каржылоо зарылчылыгы бар. Тагыраагы, аларды куруу үчүн ар бир мектепке дагы кошумча 10-11 миллион сом бөлүү кажет.

Жогорку Кеңештин Төрагасы ушул жылы былтыркыдай эле алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу иштери улантылып, жаңы мектеп, спорттук мекемелер ачылып, көпүрөлөр, жолдор, каналдар, ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Жумабеков Кара-Буура районундагы аталган эки мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилиши керектигин белгилеп, курулуп жаткан мектептерге бештен компьютерди белекке берди. Андан тышкары жергиликтүү тургундар Төрагадан бала бакчанын курулушу жана мобилдик байланыштын начардыгы өңдүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду