Жактоочу: Суталиновго бир нерсе болуп кетсе соттук коллегия жооп берет

Жактоочу: Суталиновго бир нерсе болуп кетсе соттук коллегия жооп берет
15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 14:49

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык сотунда мурдагы Ички иштер министри, УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калгандыгына байланыштуу кийинки соттук отурум 7-майга калды. Суталинов өзү ден соолугунун начарлап кеткение байланыштуу соттук жараянга катыша алган жок.

Жактоочу Майрамек Жумабеков Суталиновдун ден соолугуна бир нерсе болсо соттук коллегия жооп бере турганын айтты:

“Биринчи сот 9-апрелде болгон. Усупбаев Акылбек деген врач жок деп соттук отурум жылдырылган. Бүгүн ал киши келди. “Врач келди, сурай берели” деп соттук коллегияга өтүнүч менен кайрылдым. Бирок соттук коллегия “Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү болуш керек экен” деген шылтоо кылып, 7-майга жылдырып салды. 7-майга чейин 23 күн бар. Генерал Суталиновдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатат. Эртеңки күнү бир нерсе болуп кетсе соттук коллегия күнөөлүү болуп калат. Анткени сот чечиш керек, 4-даражада рак – өтө оор оору. Муну врач эмес, жөнөкөй кишиден деле сурасаң чыгарыш керек деп айтат. Бирок эмнегедир чыгарбай чоюп жатышат.”

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык башкармалыктын башчысы Назгүл Солтобекова, ошондой эле Суталиновдун саламаттыгын изилдеген комиссиянын мүчөлөрү да анын 4-даражадагы рак оорусуна чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуну тастыкташып, аны абактан дарылоо оң натыйжа бербей турганын айтышкан эле.

8-апрелде Акыйкатчы Токон Мамытов Мурат Суталиновдон келген арызды карап, аны абактан бошотууга чакырган. Анда катуу ооруга чалдыкканына карабай, Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Кылмыш-жаза кодексинин 71-беренесин (Катуу оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу) четке кагып, мыйзамсыз чечим чыгарганы айтылат. Буга чейин Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова президент Сооронбай Жээнбековго, Владимир Путинге кайрылуу жасаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды