Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси менен жолугушту

Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси менен жолугушту
15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 17:06

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди, эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүү жөнүндө айта келип, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Жээнбеков Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү Күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Ал Кыргызстан менен Конрад Эденауэр жана Фридрих Эберт атындагы фонддор жана Ханс Зайдель атындагы Фонддун ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи. Ханс Зайдель атындагы Фонд Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу чөйрөлөрүндө кардларды даярдоо маселелери боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын, 2002-жылдан тартып, Фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышканын айтты.

Мамлекет башчысы демократиялуу жана укуктук мамлекет катары алга карай ишенимдүү кадам менен баратканын баса белгиледи. Өз өлкөсүндө жүрүп жаткан кайра өзгөртүүлөр, реформалар, 2020-жылы боло турган кезектеги парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө кыскача айтып берди.

Ал бүгүн Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле саясий байланыштарды активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ВСП+ алкагында Кыргызстанга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүүгө, ЕБ алкагында кызматташууга, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдө жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча Биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешүүнүн аягында Жээнбеков Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"