Жээнбеков:"Бишкек “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек"

Жээнбеков:
23-Апр. 2019, Шейшемби, 16:03

“Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындага жаңы парк курула турган жерде капсула салып жатып. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы Бишкек ар дайым өзүнүн жашыл бак-дарактары, кооз аллеялары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, “жашыл шаар” деп аталып жүргөнүн баса белгиледи.

“Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде активдүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек”, - деп айтты Жээнбеков.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоор менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспекти менен А.Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектар. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай ж.б. каралган. Бүгүнкү күндө тротуарларды, асфальбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин быйыл 31-августка карата бүтүрүү болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду