Москвада өзүнүн жердешин өлүмүнө шектелип кыргыз жараны кармалды

Москвада өзүнүн жердешин өлүмүнө шектелип кыргыз жараны кармалды
24-Апр. 2019, Шаршемби, 16:32

Москвада өзүнүн жердешин өлүмүнө жана ага таандык жеңил унааны сатуучуларга сатып жиберген деген шек менен 26 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн айдын аягында ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө кыргыз жарандары кайрылып, дайынсыз жоголгон Баткен районунун жашоочусу, 1981-жылы туулган Р.Ж. аттуу тууганын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранышкан.

Ал 23-март күнү Москва шаарынын Верхние көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени жана чалууларга дагы жооп бербегенин айтышкан. Ошондой эле дайынсыз жоголгон адам ошол күнү достору менен чыгып кеткен жана сары түстөгү “Форд Галакси” үлгүсүндөгү автоунаасы дагы токтоп турган жеринен жок болуп кеткен.
Туугандары аймактык бөлүмгө Р.Ж. аттуу тууганы дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазуудан баш тартышкан жана мурда Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөндүгүн айтышып, өз күчтөрү менен издөөгө аракет кылышкан.

Апрель айынын башында Р.Ж. аттуунун туугандары кайрадан ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө кайрылышып, алардын арыз жазуулары уюштурулуп, аталган факты Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмдөрүнө катталган. ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Москва шаарынын Домодедово шаардык округунун жанындагы жолго жакын жердеги талаадан азият түспөлүндөгү 40 жаштардагы белгисиз адамдын бетинде, моюнунда, артында жаракаттары бар жансыз денеси табылган (дайынсыз жоголду деп эсептелинген Р.Ж. аттуу жарандын сөөгүн туугандары таанышкан).

Аталган факты боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалып, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "өлтүрүү" беренси менен кылмыш иши козголгон.

"ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин жана Тергөө комитетинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыш ишине тиешеси бар жаран аныкталып, кармалган. Шектүү Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн кыргыз жараны, Ноокен облусунун 26 жаштагы Т.А. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө сары түстөгү “Форд Галакси” үлгүсүндөгү маркумга таандык автоунаа такталып, кылмыи ишине бекитилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Оор кылмыш ишин жасоого шектелген Т.А. аттуу жаран маркумга таандык автоунааны сатуучуларга 200 000 рублге сатып жиберген. Андан соң, сатып алуучулар автоунаанын аукционго 500 000 рнублге баалап коюшкан",- деп айтылат маалыматта.

Учурда кыргыз жаранына айып тагылып, кылмышка шектүү катары тергөө абагына киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!