Жээнбеков: 9-май - элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы

Жээнбеков: 9-май - элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы
9-Май 2019, Бейшемби, 12:56

Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты.

Мамлекет башчы өзүнүн куттуктоосунда бүгүн — совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдердин биримдигин даӊазалаган улуу майрам экендигин белгиледи.

9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы.Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды. Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат.Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, урпактарга жетет. Жеңиш күнүн белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болоорун даӊазалайбыз.Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эӊсегендерге, бир улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун көздөгөндөргө эскертүү болуп саналат

Президент «Өлбөс полк» жүрүшүнө өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыгып “Өлбөс полк” жүрүшүнө да катышты.

1941-1945-жылдардагы Ата-мекендик согушта 360 миңден ашуун кыргызстандык катышып,.160 миңден ашуун жоокер курман болгон. Кандуу согуш 1418 күнгө созулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?