Бажы кызматынын биринчи директору каза болду

Бажы кызматынын биринчи директору каза болду
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:50

Бажы кызматынын биринчи директору Таштанбек Жумакеев 78 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Таштанбек Жумакеев 1941-жылы 15-августта жарык дуйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бүтүрүүчүсү. 1991-жылдан 1993-жылга чейин Бажы кызматын жетектеген.

Полковник Жумакеев убагында Кызыл Эмгек Туу ордени сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга татыган.

Коштошкуу зыйнаты 13-май күнү Ысык-Ата районунун Люксембург айылында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!