Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды
16-Май 2019, Бейшемби, 09:59

Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында, 16-майда мамлекет башчысы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.


17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР