Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүү каралууда

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүү каралууда
16-Май 2019, Бейшемби, 12:31

Өкмөттүн 13-майдагы № 223 токтому менен Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамдык актыда төмөнкү мамлекеттик активдерге карата ишенимдүү башкаруучуларды тандоо боюнча ачык сынак өткөрүү эрежелери жана шарттары аныкталат:

- акционердик коомдордун жана ЖЧКлардын мамлекеттик менчиктеги акциялары (үлүштөрү);

- мүлк комплекстери катары мамлекеттик ишканалар (Куралдуу Күчтөр тутумунда иштеген мамлекеттик ишканалардан тышкары).

Ошентип, «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» 2018-жылдын 22-майындагы № 51 Мыйзамда каралган мамлекеттик секторго кесипкөй башкаруучу компанияларды тартуу механизмин ишке ашыруу шарттары түзүлдү.

Бул механизм мамлекеттик катышы бар жана мамлекеттик ишканаларга кесипкөй башкаруучу командаларды тартуу үчүн колдонулат. Мамлекет келишимдик жана өз ара пайдалуу негизде аутсорсинг принциби боюнча жеке сектордун потенциалын жана ресурстарын колдоно алат.

"Ишенимдүү башкаруу менчиктештирүү жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ишке ашырган акционердин милдеттеринин көнүмүш механизмине альтернатива катары каралат.

Бул варианттын артыкчылыгы мамлекеттик активдерди ишенимдүү башкарууга берүүдө менчик ээсинин укуктары ишенимдүү башкаруучуга өтпөйт. Ошону менен бирге ишенимдүү башкаруучуну тандоо атайын түзүлгөн конкурстук комиссия тарабынан ачык өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду