Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты

Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
18-Май 2019, Ишемби, 11:17

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында кечээ, 17-майда Балыкчы шаарында «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору менен таанышты.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Балыкчы шаарынын мурдагы мэри, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов аталган долбоорлор боюнча презентация жасады.

Анын маалыматына ылайык, «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Балыкчыда айрым кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер башталды.

Бул иш-чаралардын алкагында 2018-жылы башталган муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо боюнча иштердин аягына чыгып, Географиялык маалыматтык системасынын негизинде Маалыматтык автоматикалык системасын түзүү жана муниципалдык менчикти инвентаризациялоо боюнча иштердин комплекси ишке кирүүдө.

Программаны ишке ашырууга 3375,0 миң сом сарпталган. Акча каражатынын 1580,0 миң сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фондунан, калган акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган.

Электрондук реестр, шаардын электрондук картасы түзүлүп, Муниципалдык мүлк боюнча электрондук платформа иштей баштайт.

2019-жылга карата Санариптештирүү боюнча иш-чараларга 10 млн сом каралды. Каржылоо булагы — Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фонду.

«Акылдуу поликлиника» долбоору ишке ашат. Шаардык бейтапканада «Электрондук кезек» системасы киргизилет жана электрондук кезекке тиешелүү терминалдар бейтапканада орнотулат.

2019-2020 окуу жылынан тартып шаардын мектептеринде электрондук күндөлүк системасы киргизилет жана окуучунун социалдык паспорту түзүлөт.

Шаардык бейтапканада жана ооруканада электрондук амбулатордук карта системасы киргизилет.

Электрондук муниципалитет долбоорунун алкагында Балыкчы шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды, иш кагаздарды электрондоштуруу планга киргизилет.

Аталган багыттар боюнча тиешелүү техникалык тапшырыктар түзүлүп, жакында тендер жарыяланып, иштер аткарыла баштайт.


Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында шаарга эки типтеги видеокамералар коюлду. Биринчиси — аппаратттык-программалык комплекстин негизинде айып пулдарды салуу боюнча камералар жана экинчиси — жол эрежесин бузууларды каттаган камералар.

Мындан тышкары, коомдук коопсуздуктун максатында шаарга 38 чакырым опто-волокондук кабель орнотулуп, 84 видеокөзөмөл камералары коюлду. Алар чоң жолдордун кесилишинде жайгашып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүндөгү абалды анализдөөчү борборго онлайн түрүндө видеону көрсөтүп турат. Видеокөзөмөл аркылуу бүгүнкү күндө 19 кылмыш иши ачылды.

Санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — учурдун негизги талабы экендигин айтып, Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү боюнча ушул жана башка долбоорлорду бардык региондорго жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду