Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси

Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
18-Май 2019, Ишемби, 11:49

Кечээ, 17-майда Бишкек шаарында эксперттердин, илим-билим берүү чөйрөсүнүн, жеке жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн «Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» регионалдык конференциясында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова:«2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук стратегиясында жарандык коомду өнүктүрүүгө көңүл бурулган», – деп билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкө Өкмөтүнүн жарандык сектор менен өз ара аракеттешүүсүнүн негизги аспектилерине токтолуп, тигил же бул чечимдерди кабыл алуу, жарандык коом уюмдарын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү катары тартуу механизмдерин киргизүү, мамлекеттик социалдык буйрутманы колдонуу тажрыйбасын кеңейтүү процесстерине жарандык коомдун таасирин белгилеп өттү.

«Мамлекет өнөктөштүктүн негизинде өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн жарандык коомдун потенциалын максималдуу пайдаланат жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу аркылуу жарандык коомду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
Калктын жашоо шартын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууда жарандык коомду кеңири тартуу, коомго талаптагыдай кызмат көрсөтүүгө багытталган жарандардын демилгелерин колдоо, мамлекеттик социалдык буйрутма механизми аркылуу коомдук пайдалуу идеяларды жана долбоорлорду илгерилетүү максатында мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери үчүн шарттарды түзөт» – деди ал.

Өмүрбекова баса көрсөткөндөй, жарандардын мамлекет менен оңдуу өз ара аракеттешүү процесси мамлекеттин легитимдүүлүгүн жогорулатат, жарандарды тартуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, мамлекеттик финансыларды башкарууну өркүндөтөт жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана социалдык интеграцияны камсыздайт.

Белгилей кетсек, «Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» конференциясынын ишине Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, АКШ, Бразилия, Бельгия Королдугунун, Россиянын, Украина жана Армениянын делегаттары катышышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду