Нарында Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө

Нарында Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө
20-Май 2019, Дүйшөмбү, 12:44

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жашар С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-майда издөө иштерин улантуу максатында Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүнүн 26 куткаруучу, КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

"Бүгүн, 20-майда издөө иштери улантылат",- деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!