Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 миллион сом бөлдү

Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 миллион сом бөлдү
21-Май 2019, Шейшемби, 15:51

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчыга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып Өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн.

«Бүгүн биз ипотекалык насыяны каржылоого 500 000 000 сом бөлүп жатабыз. Өкмөт биздин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча күч-аракеттерди дайыма колдоп келет жана муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бирок мүмкүндүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүсү зарыл. Миңдеген биздин жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз. Себеби алар али да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6% чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган, анткени учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турат. Күзгө чейин Өкмөт бул максатка жетет», – деп баса көрсөттү Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын ишеничин толук кандуу актоо жана аларды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн Өкмөттүн саясатын так жана толук түрдө ишке ашырууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты