​Кытайдын Тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапары менен келди

​Кытайдын Тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапары менен келди
21-Май 2019, Шейшемби, 18:04

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарына расмий сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Тышкы иштер министилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү, алардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары жандандыруунун келечегин талкуулашты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты.

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга боло турган Мамлекеттик сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, кыргыз тарабы Кытай менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө зор маани берээрин баса белгиледи. Болгон бардык макулдашууларды, анын ичинде, Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И кыргыз тарабынын чакыруусуна жана салттуу меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан Кытай үчүн, анын ичинде, «Бир алкак-бир жол» демилгесин биргелешип илгерилетүүнүн алкагында ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп кала берет деп белгиледи. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин КРга боло турган Мамлекеттик сапары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы ургаалдуу өнүгүүсүнө импульс берип, кыргыз-кытай мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-2021-жылдарга КР менен КЭРдин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Кызматташуу программасына – тышкы саясий ведомстволордун компетенциясынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн камтыган жана жакынкы эки жылга негизги курсту аныктаган документке кол коюшту.

Айта кетсек, ушул эле күнү КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кабыл алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
 Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Бадыраң туздоонун өзгөчө жолу
Бадыраң туздоонун өзгөчө жолу
37 жыл башкарган президенттин жаназасына эли келген жок
37 жыл башкарган президенттин жаназасына эли келген жок