Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту

Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту
23-Май 2019, Бейшемби, 17:05

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, өнүктүрүү долбоорлорун, анын ичинде суу чарба объектилерин модернизациялоо жана куруу, жалпы өлкө боюнча ирригациялык тармактарды кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөдө ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ЕРӨБдун активдүү ролун белгиледи жана көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Банктын ишмердиги жарандардын бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болууда. Энергетика, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жеке ишканаларды колдоо, өлкөнүн финансы секторун бекемдөө чөйрөсүндөгү долбоорлор биргелешкен аракеттер менен ишке ашырылууда. Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 20 млрд доллар суммасында 249 инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Жумушсуздуктун жана миграциянын деңгээли кыскартылат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бүгүн Бишкекте Сооронбай Жээнбеков жана Сума Чакрабартинин катышуусу менен өткөн «Аймактар үчүн таза суу» Форумунун өлкө үчүн маанисин жана зарылдыгын баса белгиледи.
«Өлкөнү таза суу менен камсыз кылуу менин программамдын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Жакынкы 5 жылдын ичинде биз өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз. Албетте, бул долбоорлорду ишке ашырууда Банктын жардамы баа жеткис болуп саналат,» — деп айткан Жэ
энбеков кызматташууну бекемдөөгө жана анын жаңы артыкчылыктуу багыттарын аныктоого даяр экендигин билдирди.

ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого жана инвестициялардын көлөмүн жогорулатууга Банк даяр экенин билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты