Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди

Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди
23-Май 2019, Бейшемби, 18:05

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Шанхай кызматташтык уюумунун саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы калаанын кире беришиндеги «Аска-Таш» стеласынын тышкы конструкциясын өзгөртүп, жазууларын толук алмаштырып реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары шаардык муниципалитет тарабынан стеланын айланасын жакшыртуу чаралары көрүлүүдө.

Премьер-министрге шаардын күндүзгү жана кечки архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, жолдорду куруу жана оңдоо, көпүрөлөрдү жана башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоо, калааны жашылдандыруу жана коомдук жайларды жакшыландыруу боюнча иш-чаралар топтомун ишке ашыруу жөнүндө маалымдалды.



Шаардык мэриянын жетекчилери көчөлөрдү жарыктандыруу, кошумча архитектуралык жарык берүү жабдууларын орнотуу, таянычтарды алмаштыруу чаралары тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев бардык курулуш жана оңдоо иштерин архитектуралык чечимдерге ылайык өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, шаардыктар жана шаар меймандары үчүн кыйла ыңгайлуу жана жайлуу шаардык чөйрөнү түзүү үчүн коомдук мейкиндиктерди жакшыртуу маанилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!
Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
 Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды