ИИМ: Министрликте үй-бүлөлүк башкаруу деген түшүнүк жок

ИИМ: Министрликте үй-бүлөлүк башкаруу деген түшүнүк жок
24-Май 2019, Жума, 13:15

Эгерде коомдо ар кандай деңгээлде үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу сөз болуп жаткан болсо, анда анын Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда аталган министрликтин басма сөз кызматы таркаткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, мындай билдирүү “Азия news” гезитинен чыккан маалыматтан улам айтылды.

Аталган макалада көрсөтүлгөндөрдүн ар бирине токтоло кетели:

Бишкек ШИИББнын Октябрь РИИБүнүн орун басары А.Бекназаровдун атасы министрдин досу деди. Анын атасы менен министрдин эч кандай достугу жок. Октябрь РИИБүнүн орун басары кечээ көктөн түшө калган жок. Ал 2005-2010- жылдары Россиянын Санкт-Питербург шаарындагы ИИМ Академиясын бүтүрүп келгенден кийин Октябрь РИИБүндө кылмыш иликтөө кызматында ишмердүүлүгүн баштаган. Кылмыш иликтөө кызматынын катардагы ыкчам өкүлүнөн баштап кылмыш иликтөө кызматынын жетекчилигине чейин кылган кызматына жараша өсүп жетилди. Бишкек ШИИББнын жетекчилигинин сунушу менен ал Октябрь РИИБүнүн орун басары болуп 2018-жылы дайындалган. Бул жерде кызматтык жетишкендиктиги, ошо райондогу ыкчам абалды мыкты билгендиги жана кесипкөйлүгү эске алынгандыгын белгилейбиз.

Ал эми ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын бөлүм башчысы Жыргал Шабралиевди министрдин бажасы деген да жалган кеп. Ал министрдин кайын атасынын инисинин кызынын күйөөсү экендигин жана министр менен Ж.Шабралиевдин ортосунда эч кандай туугандык карым-катнаш байланыш болбогондугун дагы белгилейбиз.

Эми Жыргал Шабралиевдин өзү тууралуу. Ал деген милицияга өз өмүрүн 1993-жылдан баштап арнаган. Ал Бишкек шаардык милициясынын катардагы кайгуул күзөт кызматында, кийин кылмыш иликтөө кызматында ондогон жылдар убакытта иштеп жүрүп, 2010—жылы эле ИИМдин кылмыш иликтөө кызматынын бөлүм башчылыгына дайындалган. Кийин бир жылдай Бишкек ШИИББнын Ленин РИИБүндө, андан соң Биринчи Май РИИБүндө начальниктин орун басары болуп иштеп турганда кызматынан мыйзамсыз айдалган. Бирок ал эки айдын ичинде сотко кайрылып, анын жыйынтыгында соттун чечими менен кайра ИИМге мурдагы кызмат ордуна дайындалган болчу. Милициянын катарындагы 27-жылдын 17 жылын кылмыш иликтөө кызматында, анын тогуз жылын ИИМде бөлүм башчылык кызматында иштеген офицердин кесипкөйлүгү министри жок эле өздүк курам арасында дайыма жакшы бааланып келген.

Ал эми Б.Матмусаев менен У.Ниязбековдордун министрге эч кандай туугандыгы жок, министрдин командасында жүздөгөн жетекчилер катарында өздөрүнө тагылган кызматтык милдеттерин аткарып келишүүдө. Эми Улук Сапаров боюнча ал милицияда ишин 2010-жылы Ысык-Көл РИИБүндө аймактык тескөөчү, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам өкүлү, Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн ротасынын командири, 2015-жылы эле Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Ал кезде Кашкар Жунушалиев министр болуп иштеген эмес жана Улук Сапаров райондук деңгээлдеги күзөт кызматын гана башкарып, кызматтык милдеттерин так аткарып келүүдө. Күйөө бала экендигинде сөз жок, бирок Кыргызстандагы ар бир күйөө баланын өз кадыр-баркы жана өз жолу бар экендигин ар бир кыргыз жакшы түшүнөт деген ойдобуз. Сегиз жылдан бери күзөт бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеп жатканында министрдин эч кандай тиешеси жок.

"Милициянын ичинде күйөө бала, тууган, дос, куда-сөөк, бажа, бир туугандар дегендер жүздөп саналат, анткени биз Кыргызстанда жашап жатабыз, алакандай элбиз, ар бир милиционердин, ар бир милициянын ардагерлеринин жүздөгөн тууган-уругу, куда-сөөгү бар.Бирок, алардын бири да кызматтык милдеттерин аткарууда эч кимге токонаалат кылышпайт жана мыйзам чегинде кызматтык милдеттерин эки эселеп мыктылап аткарганга аракет кылышат жана өздөрүнүн милдеттерин аркалап келишүүдө.

Ошол себептүү газетада аты аталгандар ИИМге Жунушалиев министр болуп иштегенге чейин эле өзүлөрүнүн иштеп жаткан ордуларына татыктуу жана турмуштук жактан да, кесиптик да жактан ондогон жылдар өздөрүнүн багытында, милициянын оош-кыйыш, түмөн түйшүгүн баштарынан кечирип, карапайым катардагы милициядан жетекчиликке чейин жетишкендиги белгилүү. Алар бүгүн да эч кандай туугандыгы жок эле өздөрүнүн кесипкөйлүгү менен кызматтык милдеттерин аткарып келе жатышкандыгын белгилейбиз",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду