Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты
24-Май 2019, Жума, 14:56

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Транспорт жана жолдор министр Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы – узундугу 69,7 км Эпкин-Башкууганды (89,5 км – 159,2 км) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган.

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү.

«Жол-курулуш иштерин тездетип, курулушту өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аяктоо зарыл», – деди Премьер-министр.


Үстүбүздөгү жылдын апрелинде долбоордук участоктун 159,2-чакырымында долбоордук тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км чейин бактар кыркылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлерде жараксыз материалдарды тазалоо уланууда.

Мындан тышкары 157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?