Жогорку Кеңештин депутаты көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалады (видео)
11-Июнь 2019, Шейшемби, 11:23

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоону демилгелеп, суучулдар менен бирге көлдүн түбүнө түшүп, таштандыларды тазалап чыкты.

Фракциянын катчылыгы билдиргендей, эл өкүлү көл түбүндө көптөгөн балык кармоочу синтетикалык торлор бар экенин билдирип, аларды сатууга тыюу салуу керектигин белгиледи.

“Көлдүн түбүнө түшсөк, таштандыга толуп калыптыр. Айрыкча балык уулоочу синтетикалык торлор көп учурда айрылып жана чачышып калып, аны эч ким көлдөн жана башка суу объекттеринен алып чыкпай, алар ошол жерде кала берет экен. Алар синтетикалык материалдардан жасалгандыктан сууда чирибейт. Ал көлдү кирдетип, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Мисалы, 2016-жылдын 18-декабрында Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн браконьерликке каршы күрөшүү боюнча бир рейдде гана көлдөн 11 километр балык уулоочу синтетикалык торлор алынып чыккан”, – деди Турусбеков.

Кыргызстандын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салууну белгилеген мыйзам долбоору профилдик комитетте жактырылды.

Аталган мыйзам долбоор суу биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо жана жагымдуу курчап турган чөйрөнү камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунун авторлору – депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Жыргалбек Турусбеков.

Балык уулоочу торлор синтетикалык материалдардан жасалгандыктан бекем жана узак мөөнөттүү болуп саналат. Мындай торлордо балык, ошондой эле сууда сүзүүчү канаттуулар чырмалып жана өлүп калат, ушундан улам көлмөлөр жана көлдөр торлорго чырмалып калган балыктар үчүн кадимки көрүстөнгө айланып баратат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты