Улгайган пенсионерден пара алган Социалдык фонддун кызматкери кармалды (видео)

Улгайган пенсионерден пара алган Социалдык фонддун кызматкери кармалды (видео)
21-Июнь 2019, Жума, 11:28

Социалдык фонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлагандай, жергиликтүү тургундан Социалдык фонддун кызматкери пенсияга чыгуу үчүн документтердди жасап берем деп акча талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал 22 миң сом талап кылганы, кармалганга чейин 13 миң сом алганы аныкталган.

Бүгүн, 21-июнда Жала-Абад шаардык соту кармалган кызматкердин бөгөт чарасын аныктайт. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!