Ысык-Көлдө жол кырсыктан жабыркагандардын дагы бири каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыктан жабыркагандардын дагы бири каза болду
9-Июль 2019, Шейшемби, 16:36

Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыктан жабыркаган төртүнчү адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү саат 04:35тер чамасында Бактуу-Долоноту айылында "Lexus ES 300" жана "BMW Х7" үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы эки жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген. Андан сырткары эки жаран биринчи жардамды алгандан кийин аларды туугандары Бишкекке алып кеткен.

"Кырсыктан жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Анын абалы абдан оор болчу. Экинчиси 9-июлга караган түндө көз жумган. Алардын экөө тең 1995-жылы туулган Б.у.Б. жана К.Б., аттуу жарандар болгон", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, аталган жол кырсыгына кабылган унаалардын биринде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобеков болгон деген маалымат тарады. Ал Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
 «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
«Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
 Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
 Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү