Жээнбеков Кореянын премьер-министри менен жолугушту

Жээнбеков Кореянын премьер-министри менен жолугушту
18-Июль 2019, Бейшемби, 16:56

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

«Бул акыркы 28 жыл ичиндеги, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы визит. Сиздин визитиңиз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өбөлгө болот», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал 200дөн ашык кореялык компаниялардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн кыргыз-корей бизнес-форуму келечекте жакшы жемишин берерин канааттануу менен белгиледи.

Жээнбеков Кыргызстандагы көп сандагы корей диаспорасы Корея өлкөсү менен кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи. Алардын арасында ата-мекендик экономиканы өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткан коомдук ишмерлер, чоң ишкерлер жана интеллигенция өкүлдөрү бар.

Жээнбеков ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Корея тарапка ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдар ичинде Корея тараптан Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү бүгүнкү күнгө карата 42 млн АКШ долларын түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)