Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок
24-Июль 2019, Шаршемби, 12:18

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаал өзгөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтынын башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тараптын чек арачылары 23-июлдан тарта мамлекеттик чек ара тилкесин биргеликте кайтарууда", - деп айтылат маалыматта.

Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух унаа жолу дагы эле жабык турат. Учурда элге чатактын алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 22-июлда саат 17:20 чамасында Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чырлаша кетишкен. Анын натыйжасында жарандардын бири курал колдонуп, ок чыгарган.

Буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү чек арадагы жаңжалдан улам 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Алардын 12сине ок жаңылса, калганына таш тийген.

Ал эми Тажикстандын бир жараны каза таап, бир нечеси жабыркаганы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)