Усубалиевдин ысымы Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна ыйгарылабы?

 Усубалиевдин ысымы Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна ыйгарылабы?
13-Авг. 2019, Шейшемби, 18:18

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө өзүнө инфраструктуралык жана социалдык объектилерди оңдоп-түзөө жана курууну камтыган 18 пункттан турган иш-чаралар планы иштелип чыкты.

Иш-чаралар планынын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө сактоо максатында Турдакун Усубалиевдин ысмын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгууда.

Муну менен биргеликте бир катар маданий, илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо дагы каралган. Бардык пландалган иш-чаралар мурда белгиленген мөөнөттөрдө жүрүүдө.

Турдакун Усубалиевдин небереси — Эрмек Усубалиев жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Шамшыбек Медетбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси жана колдоосу учүн Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык билдиришти. Эрмек Усубалиев бардык иш-чаралар анын чоң атасынын стилинде — жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү өтүнүчүн билдирди.

Эскерте кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
Алмазбек Атамбаев камакта калды
Алмазбек Атамбаев камакта калды