УКМК: 200 миң сом талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

УКМК: 200 миң сом талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды
14-Авг. 2019, Шаршемби, 12:18

Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап кылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган.

Такталгандай, апрель айында инспектор №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган.

Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийин калган жетпеген акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"26-июлда кармалган инспектор күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми Ш.М. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!